Месси үчүнчү орунда. ESPN версиясы боюнча жылдын мыкты чабуулчусу аныкталды

"ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе ESPN версиясы боюнча мыкты чабуулчу деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, рейтинг классикалык чабуулчулардан эмес, тереңден аракеттенген оюнчуларга жараша аныкталган. Анда Килиан Мбаппе 2022-2023 сезону боюнча мыкты чабуулчу деп эсептелген. Экинчи орунда болсо мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Винисиус Жуниор жайгашкан. Ошондой эле үчтүккө жакында гана "Интер Майамиге" өткөн аргентиналык чабуулчу Лионель Месси кирген.

Эске салсак, Килиан Мбаппе "ПСЖ" клубунда ойнойт. Анын аталган клуб менен келишими 2023-2024 сезонунда аяктайт. Мбаппе Француз Лигасынын мурдагы сезонунда 29 гол жаратып, мыкты бомбардир аталган.

Ал эми 4-июлда журналист Хесус Карлос Мартинес Килиан Мбаппе "Реал Мадрид" клубуна 224 миллион еврого өткөнүн маалымдаганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышкан болчу. Бирок азырынча мадриддик клуб бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан