Екатеринбургдагы "OZON" компаниясынын эки кызматкери менингит оорусунан каза болду. Каза болгондор 21 жаштагы кыз жана 46 жаштагы эркек киши. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта, алар молниеностук инфекциясына чалдыгып, бир суткага жетпей каза болгон. Дагы жети жумушчу ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу айтылат.
Маалыматка ылайык, каза болгон биринчи кызматкер ооруканага 25-июнда түшүп, эртеси каза болгон. Экинчи кызматкер 1-июнда ооруканага жаткырылган. Ал ошол эле күнү каза болгон. Жалпысынан "Озондун" жети кызматкери эпидемиядан улам ооруканаларга жеткирилген. Ошол эле маалда алардын экөө бүгүн гана жаткырылган. Бейтаптын бири ооруканага жаткыруудан баш тарткандыктан дарыгерлер аны жашаган жери боюнча байкоого алышарын билдиришкен.
"Бөлүштүрүүчү борбордун өзү жана кызматкерлер жашаган жатакана ишин улантууда. Азыр ал жерде шашылыш эмдөө жүргүзүп жатышат - акыркы эки күндө жүз адам эмдөөдөн өттү. Дагы 393 адам текшерилди. Ал арада адистер инфекциянын чынжырын аныктоо үчүн инфекция жуккандардын байланыштарын тез арада текшерип жатышат. Бирок инфекциянын булагы азырынча аныктала элек", - деп жазылат маалыматта.