Ысык-Көл. Түп районунун тургуну балык уулайм деп көлгө чөгүп кетти

Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кутургу айылынын 1970-жылы туулган М.А. аттуу жараны мас абалында балык уулаганы көлгө барып, торду көрөм деп тең салмагын жоготуп көлгө чөгүп кеткен. Облустук ИИББинин бөлүмүнүн маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун берген маалыматы боюнча, балык кармайм деп ажал тапкан жаранды айылдаштары бир күндөн соң издеп, араң табышкан. Тууган-уруктары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан