Оштун борбордук аянтына жаңы жылдык балаты 21-декабрда орнотулат

Оштун борбордук аянтына жаңы жылдык балаты 21-декабрда орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

“Ош шаарына эң кооз жана эң чоң балаты орнотулат. Анын жасалгасын жаш балдардын да, карылардын да табитине туура келгидей жасашыбыз керек”,- дейт Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алимбай Кадыров.

Анын айтымында, мындай кооз балатыны орнотуу Жаңы жыл алдында шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан