Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуусуна макул болду

Түркия Швециянын НАТОго кириши тууралуу протоколду мүмкүн болушунча тез арада өткөрүп берүүгө макул болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТОго кошулуу чечими Эрдоган жана Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен жолугушуусунан кийин кабылданганын айтты.

"Бул НАТОдогу бардык союздаштарды күчтүүрөөк жана коопсуз кылган тарыхый кадам", - деди Столтенберг.

Маалыматка ылайык, Швециянын НАТОго кирүү ниети ушул жылдын күз айларында түрк парламенти тарабынан бекитилет.

"НАТОнун саммитине Вильнюска учуп кетердин алдында Эрдоган алгач Евробиримдик “Түркияга эшиктерди ачышы керек”, андан кийин гана өлкө Швециянын альянска кирүү өтүнүчүн жактыра турганын айтты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан