Камала Харрис Жердин келечеги үчүн адамдардын санын азайтуу керектигин айтты

АКШнын вице-президенти Камала Харрис жердин жана келечек муундун келечеги үчүн Жер бетиндеги адамдардын санын кыскартуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал АКШда кечээ, 14-июлда өткөн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча конференцияда айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз таза энергияга жана электр транспортуна инвестиция салып, калктын санын азайтсак, биздин балдарыбыз таза аба менен дем алып, таза суу иче алышат", - деген Харрис.

Кийинчерээк Харрис туура эмес сүйлөп койгону белгилүү болду. Ал "калк" дегендин ордуна "булгануу" деп айтышы керек болчу. Сөздүн оңдолгон версиясы Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан