Лионель Мессинин дебюттук голу "Интер Майамиге" жеңиш алып келди (видео)

36 жаштагы Лионель Месси биринчи жолу америкалык "Интер Майами" клубунда ойноду. Ал Мексиканын "Крус Асуль" клубуна каршы Leagues Cup тайпалык баскычынын биринчи оюнунда 54-мүнөттө алмаштырууга чыкты. Бул тууралуу "Чемпионат" басылмасы билдирди.

Жолугушуу Форт-Лодердейлдеги (Флорида штаты, АКШ) америкалык клубдун үй стадионунда өттү. Оюн 21-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө башталды. Беттеш 2:1 эсебинде "Интер Майаминин" жеңиши менен аяктады.

Белгилей кетсек, кошумча убакытта айып сокку туундап, чечүүчү голду Месси киргизип, "Интер Майамиге" жеңиш алып келди.

Месси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан