Талас. Таластык аксакалдар экологияны бузгандарга нааразычылык билдиришүүдө

 Бүгүн Бишкекте Таластан барган аксакалдар маалымат жыйын өткөрүшүп, “Вертекс Голд” алтын кен чыгаруучу компания экологияны бузуп жатышат” деп билдиришти. Аксакалдардын бири Абдыразак Мамбетовдун айтымында, ал компаниядан алыс эмес жерде жашаган талас эли күнүнө ууланган аба менен дем алышууда. “Ал жерде биздин жаш балдардын көргөн күнү не болот? Күн сайын канчалаган жүк ташуучу унаалар өтөт. Алардын чаңынан бак-дарактардын баары куураган абалда. Мындай абалга бийликтегилер бир чара көрбөсө болбойт. Алтынды ошол чыгарып жаткан жеринде эле кайра иштеп чыкса болот да”,- дейт ал. Тактай кетсек, аталган компания Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна катталып, бирок ал жерге баруучу жол Талас облусу аркылуу өтөт. Жолдорду оңдоп-түзөө иштерине компания тарабынан мамлекетке атайын акча которулуп турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан