Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда болгон жол кырсыгынан жабыркап, ооруканада жаткан аял киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда аталган конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Эске салсак, 19-июлда эртең менен Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда оор жүк ташуучу автоунаа маршрутканы коюп кеткен видео социалдык тармактарга жарыяланган. Кадрдан жүргүнчү алып жаткан №169 каттамдагы маршрутканы SCANIA үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөнүн көрүүгө болот.
Кийинчерээк Чүй милициясы дагы маалымат таратып, окуя Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо-3 конушунда болгонун, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү 169-кичи автобусту SCАNIA R-124 үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу машина сүзгөнүн, анын 32 жаштагы айдоочусу кармалганын билдирген.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.