Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыктын чоо-жайы 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыгы боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, кырсык бүгүн, 19-июлда саат 07:50 чамасында Ак-ордо 3 конушунда катталган.

"Элмирбек Иманалиев атындагы көчөдө түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан эл ташуучу Мерседес Бенц үлгүсүндөгү 169-кичи автобус жолдон токтоп жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда, ошол эле тарапты көздөй бара жаткан Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын айдоочусу артынан келип сүзгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыктын кесепетинен бир жүргүнчү ооруканадан өзүнө келе албай каза болуп калганы жана 6 жаран ар кандай жаракаттар менен Сокулук аймактык ооруканасына кайрылганы кошумчаланды.

Буга чейин Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын директору Алмазбек Кубатбеков SUPER.KG порталына кырсыктан 23 жаран жаракат алганын, алардын төртөөсү жандандыруу бөлүмүндө экендигин билдирген. Ошондой эле 11 адам амбулатордук дарыланууга жаткырылса, калган 8 адам бөлүмдөрдө медициналык жардам алып жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан