Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Анда жүргүнчү ташуучу кичи автобус жол боюна токтоп, жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда артынан оор жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келип сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
Айрым маалыматтарга караганда кырсык калаанын Ак-Ордо 3 конушунда катталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык боюнча азырынча маалымат бере элек.