"Парламент FM" радиосунун уктуруу аймагын кеңейтүү маселесин Парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды

Бүгүн ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин "Парламент FM" радиосунун уктуруу аймагын кеңейтүү жөнүндө маселе каралып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Космос Чыдыновдун айтымында, учурда "Парламент FM" радиосу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда гана уктурулууда. Ошондон улам, көптөгөн угармандардын суроо-талабын эске алып, анын уктуруу аймагын кеңейтүү зарылчылыгы келип чыккан. Ушул тапта Кыргызстандын бардык облус борборлорунда тиешелүү жабдыктар орнотулууда. Мындай чаралар ийгиликтүү ишке ашса, бардык аймактын жашоочулары парламенттин иши менен кабардар болуп турмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан