Лейпцигдик окумуштуулар 2023-жылдын июль айы адамзат тарыхындагы эң ысык ай болгонун аныкташты. Глобалдык температура январдан бери ай сайын жогорулап, июль айында эң жогорку чегине жеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, лейпцигдик окумуштуулар бул айда глобалдык орточо температура 1,5 градуска ашып кеткенин билдиришкен.
Бул айда эң ысык болгон жерлер: Кытайда 52,9 градус, Сардинияда 48,2, Алжирде түнкүсүн 39,6, Флоридада деңиздин температурасы 37,2 градуска чейин көтөрүлдү.
Окумуштуулар 2024-жылы температура мындан да жогору болушу мүмкүн экенин эскертишти.
Буга чейинки рекорд 2019-жылдын июль айында коюлган. Анда дүйнөлүк орточо температура азыркыдан 0,2 градуска төмөн болгон.
Окумуштуулардын айтымында, абанын температурасынын мындай өзгөрүшү күйүүчү майларды күйгүзүү жана адамдын башка иш-аракеттери болгон.