Түштүк Африкада он миңдеген адамдардын катышуусунда Орусиянын президенти Владимир Путинди колдогон митинг өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, "Экономикалык эркиндик үчүн күрөшкөндөр" партиясынын 10 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн митингде партия лидери Жулиус Селло Малема сөз сүйлөп, Батыштын орус президенти Владимир Путинге каршы жасап жаткан кысымын эч качан колдобой турганын билдирди.
Түштүк африкалык SABC News телеканалы жарыялаган видеодо Селло Малема: "Биз Путинбиз, ал эми Путин - бул биз" деп ураан чакырганын, аны стадионго чогулган он миңдеген эл кыйкырык-сүрөөнгө алып колдогонун көрүүгө болот.
Ошондой эле ал БРИКС (ред: БРИКС - Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мамлекеттери бириккен уюм) Орусия үчүн Европа жана АКШ биримдигине каршы альтернатива болуп бере аларын белгилеген.
Белгилей кетсек, өткөн аптада Санкт-Петербургда Орусия-Африка саммити болуп өткөн. Ага Орусиянын президенти Владимир Путин жана Африканын 22 өлкөсүнүн башчылары катышкан. Саммитте Украинадагы согуш, улуттук коопсуздук, дан келишими жана билим берүү багытындагы маселелер талкууланган.