Президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга болгон сапары башталды

Бүгүн, 11-декабрда президент Алмазбек Атамбаев менен анын жубайы Раиса Атамбаеваны Германиянын президенти Йоахим Гаук өзүнүн жубайы Даниела Шадт менен Берлинде жайгашкан “Белевью” резиденциясынан тосуп алды. Эки тараптын учурашуусунан кийин аскердик салтанат башталып, Кыргызстан менен Германиянын гимни аткарылды. Эскерте кетсек, 10-декабрь күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев баштаган Германияга болгон расмий делегациянын сапары башталып, ал 12-декабрга чейин созулат. Делегациянын курамында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан