Түркияда эки кошунанын ортосунда чыккан чырдан улам 15 адам жаракат алды

Түркияда эки кошунанын ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам 15 адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 2-августта Газиантеп аймагындагы Шахинбей районунда болгон. Анда пикири келишпеген эки үй-бүлөнүн ортосунда чыр чыккан. Пикир келишпестик куралдуу мушташка айланып, кошуналар мылтык, бычак жана башка куралдарды колдонгон. Натыйжада мушташтын алдын алуу үчүн келген бир полиция кызматкери менен 14 жаран жаракат алган. Жабырлануучулар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.

Учурда жабыркагандардын абалы жакшы экени, ал эми аталган аймакта күчөтүлгөн тартиптеги көзөмөл жүрүп жатканы айтылууда. Ошондой эле окуяга байланыштуу иликтөө жүрүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан