Нарын. Нарын шаарында жол кырсыгынан бир адам каза тапты

6-декабрь күнү саат 18:50лөр чамасында Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө орун алган “Бакыт үйү” имаратынын тушунан Нарын шаарынын тургуну 1991-жылы туулган К.Э. Мерседес-Бенц 230 үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып келе жатып, жолду кесип өтүп бара жаткан Нарын шаарынын тургуну 1976-жылы туулган Нурбек Жунусалиевди сүзүп кеткен. Бул туурасында Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Натыйжада, Нурбек Жунусалиев денесинен жаракат алып, Нарын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүү учурунда каза болгон. Окуя болгон жерге Нарын ШИИБинин тергөө оперативдик тобу чыгып, кароо жүргүзүшүп, фототаблицалар түзүлгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, К.Э. Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында камоодо. Учурда бул иштин үстүндө соттук-медициналык, соттук-автотехникалык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан