Эмнеге футболчулар оюн талаасына балдарды жетелеп чыгышат? Футболдогу өзгөчө жөрөлгө тууралуу кеп кылабыз

Футбол беттештеринин алдында оюнчулар менен талаа үстүнө чыккан кичинекей балдарды баарыбыз эле көрсөк керек. Булар кимдин балдары? Эмне үчүн оюнчуларды ээрчип чыгышат? Футболдогу бул салттын мааниси эмне? Ушул сыяктуу суроолорду сиз да өзүңүзгө берип көрдүңүз беле? Алдыда футбол маданиятынын бир бөлүгү болгон бул "жөрөлгө" тууралуу кеп кылабыз.

Балдарды жетелеп чыгуу салты качан пайда болгон?

Беттештин алдында оюнчуларды талаа үстүнө коштоп чыккан балдар "маскоттор" деп аталат. Бул жөрөлгө өткөн кылымдын 90-жылдарында пайда болгон. Алгач бир команда үчүн бир гана баланын талаага чыгышы жетиштүү болсо, кийинчерээк ар бир футболчу бирден бала жетелеп чыга баштаган. Бул көрүнүш тарыхта алгачкы жолу 2000-жылы Бельгия менен Нидерланды биргелешип өткөргөн Европа биринчилигинде салттуу түрдө ишке ашырылган. Аталган мелдештен кийин ал дүйнө жүзүнө таралып, футбол маданиятынын ажырагыс бир бөлүгүнө айланган.

Жөрөлгөнүн мааниси. БУУ менен ФИФАнын келишими.

Бул көрүнүш дүйнө элинин көңүлүн бурган Евро-2000 мелдешинен кийин Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) менен бирге "Балдарга "ооба" деп айт" (Say Yes for Children) долбоорунун алкагында кызматташуу келишимине кол койгон. Аталган долбоордун башкы максаты дүйнөдөгү балдардын турмушун жакшыртуу жана коргоо эле. Бүгүнкү күндө футболчулардын колун кармап, миңдеген күйөрмандын каршысына чыгып жаткан кичинекейлер келечек муунга кам көрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөткөн символикалык көрүнүшкө айланды. Ошондой эле балдар тазалыктын символу. Муну менен уюштуруучулар футболдун атаандашка зыян келтирүүнү каалабаган, үй-бүлөлүк маанайдагы спорт экендигин даңазалаганга аракет кылышат.

Балдар кантип тандалат? Жөрөлгөнүн коммерциялык тарабы.

Алгач оюнчуларды стадионго клубдун академиясында тарбияланып жаткан кичинекей балдар коштоп чыгышчу. Мында максат болочок футболчуларга миңдеген күйөрмандарга толгон стадиондун, алардын кыйкырык-сүрөөнү астында өткөн беттештин атмосферасын сездирүү эле. Ошондой эле алар клубдун келечеги экендигин түшүнүүгө өбөлгө түзүү болгон. Бүгүнкү күндө бул көрүнүш социалдык мааниге айланды. Клубдар академиянын тарбиялануучуларын гана эмес, ар кандай кайрымдуулук иш-чараларынын алкагында коомдун аялуу катмарында өсүп жаткан балдарды да талаага алып чыгып, жогорудагы сезимдерди сездирүү менен аларга кубаныч тартуулап келишет.

Бир катар футбол клубдары ар жылы эл аралык деңгээлдеги лотореяларды уюштуруп, стадионго "маскот" болуп чыгууну каалаган кичинекей күйөрмандардын кыялын ишке ашырууга аракет кылышат. Мисалга англиялык "Челси" клубу "маскот" болуу үчүн жылына 250 квота ойнотору интернеттеги маалымат булактарында жазылган. Ошондой эле Европа жана Америкада ата-энелер белгилүү суммада акча төлөп, балдарына сүйүктүү футболчусу менен стадионго чыгуу мүмкүнчүлүгүн белек кыла алышат.

Акыркы учурларда дүйнөгө белгилүү компаниялар футболдогу бул маданиятты жарнамалык максатта да колдоно башташты. Америкалык Макдональдс компаниясы миллиондогон күйөрмандардын каршысында өздөрүн жарнамалаш үчүн бир канча жолу клубдар менен келишим түзүп, компаниянын логитиби түшүрүлгөн формачан балдарды талаага чыгарган.

Дүйнөгө белгилүү "маскоттордун" бири Уейн Руни

Англия курама командасынын тарыхындагы мыкты бомбардирлердин бири Уейн Руни футболдогу жолун 10 жашында "маскот" болуп чыгуудан баштаган. Ал 1996-жылы "Эвертондун" академиясында тарбияланып жүргөн убакта "Ливерпуль" менен болгон беттешке, сүйүктүү футболчусу Данкан Фергюсонду коштоп чыккан. Руни андан бери футболдогу мүмкүн болгон бардык трофейлерди: 5 жолу Англия биринчилигин, 4 жолу Англия Супер Кубогун, Европа Лигасын, Клубдар аралык дүйнө чемпиондугун, Англия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңди. Англиялык "Манчестер Юнайтед" клубу үчүн 253 гол киргизип, клубдун тарыхында эң мыкты бомбардир болду. Ошол кездеги кичинекей Руни учурда америкалык "Ди Си Юнайтед" клубунда машыктыруучулук кызматты аркалап келет.

Мессинин ооганстандык күйөрманы

2016-жылы белгилүү футболчу Лионель Мессиге күйөрмандык кылган ооганстандык Муртаза Ахмади аттуу кичинекей баланын окуясы көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүнүн көзүнө жаш алдырган. Ооганстандын айылдарынын биринде жашаган Муртазанын ата-энеси жакырчылыктан улам уулуна футболдук форма сатып бере алышкан эмес. Муртаза бир күнү ак-көк түстөгү желим баштыктан Аргентинанын формасын жасап, аркасына маркер менен "10" жана "Месси" деп жазып алган. Анын бул сүрөтү интернетте тарап, журналисттер Муртазанын жашаган жерин табышкан. Ал эми Месси кичинекей күйөрманына кол тамгасы менен бирге футболдук форма салып жиберген. Кийин Муртаза менен Мессинин жолугушуусу уюштурулуп, Катарда өткөн "Барселона" - "Аль-Ахли" жолдоштук беттешинде Месси кичинекей күйөрманын талаага жетелеп чыккан.

Балдардын ордуна башкалар да чыгышат. Көзгө жаш алдырган учурлар

Футболчулар кайсы бир максатта балдардын ордуна башка бирөөлөрдү же нерселерди алып чыккан учурлар да кездешет. Мисалга 2015-жылы нидерланддык "Аякс" клубунун оюнчулары өлкөдөгү Энелер күнүнүн урматына беттешке апаларын ээрчитип чыгышкан.

Ошол эле жылы бразилиялык "Сан-Паулу" клубу "Палмейрас" менен болгон беттешке иттерди жетелеп чыккан. Муну менен алар дүйнө элин үй-жайсыз жаныбарларга аяр мамиле кылууга үндөшкөн.

2018-жылы англиялык "Эвертон" клубунун капитаны Филь Жагелка клубдун кичинекей күйөрманы Жек Маклинденге таандык роботту талаага көтөрүп чыккан. Робот оорудан улам кыймылдан ажырап, үйдө гана убакыт өткөрүүгө аргасыз болгон балдар үчүн ойлонуп табылган. Ал балдарга жалгыздыкты сездирбей, алардын социалдашуусуна чоң жардам бермек. Филь Жагелка талаага роботту алып чыкканда Жек Маклинден стадиондогу маанайды экран аркылуу үйүнөн көрүп турган. Ошондой эле ага оюнчуларды коштоп чыккан башка балдар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү берилген.

2018-жылы "Манчестер Сити" командага 85 жылдан бери күйөрмандык кылып келе жаткан 102 жана 97 жаштагы эки апаны талаага алып чыккан. Экөө тең 1930-жылдан бери клубдун оюндарын калтырбай, стадиондон көрүп келишкен. Алар футболго жаңы кызыгып баштаганда азыркы "Этихад" стадионунда оюн эсеби жазылган такта да жок болгонун билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан