Президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы энергетика секторун кайра оңдоо тууралуу финансылык келишимге кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты. Аталган келишим АӨБдүн жана Кыргызстандын ортосунда Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында макулдашылып, 29-ноябрь күнү Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Долбоордо Токтогул ГЭСин оңдоо, энергоэсептегичтердин борборун түзүү, Нарын ГЭСинин каскадынын плотинасынын коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзүү келишилген. Кошумчалай кетсек, долбоордун жалпы бюджети 62 миллион долларды түзөт.