Чолпон-Атада кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Бүгүн, 16-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстан өлкөсүнүн ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын 10-жыйыны башталды.

Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Жыйын башталар алдында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу өттү.

Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-август күнү өзбек премьер-министри Абдулла Ариповду өлкө башчы Садыр Жапаров кабыл алган.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты тең кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алышуу болгону маалымдалган.

Өкмөттөр аралык комиссия - бул эл аралык мамилелердин атайын форматы (өкмөттүк аянтча). Ал Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташууга, экономиканын бардык негизги тармактарын камтыган тараптардын өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан