Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан футбол боюнча Азия кубогу-2032 мелдешин биргелешип өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, үч өлкөнүн футбол федерацияларынын жетекчилери Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Шейх Салман бин Ибрагим менен жолугушуп, турнирди уюштуруу маселелерин карашты.
"Тараптар мелдешти өткөрүү үчүн турнирдин концепциясын иштеп чыгуу, стадиондорду жана спорттук инфраструктураны эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мелдешти Борбор Азияда өткөрүү – аймактагы футболдун өнүгүшүнө, өлкөлөрдүн эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт", - деп кошумчалады мекеме.
Азырынча үч өлкөнүн биргелешкен арызы боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.
Белгилей кетсек, быйылкы Азия кубогу-2027 декабрь айынын аягында башталып, 2027-жылдын январь айына чейин өтмөкчү.