Биз социалдык тармакта

Кыргызстан ЖККУ өлкөлөрү менен баңгизатка каршы күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтүүдө  

Орусиянын Казань шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин 28-отуруму өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын делегациясын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жетектеди. Ал баңгизат коркунучуна каршы күрөшүүдө эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов Кыргызстандагы баңгизатка байланыштуу учурдагы кырдаал тууралуу баяндама жасады.

Катышуучулар баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу, мыйзамсыз өндүрүүгө жана ташууга бөгөт коюу, ошондой эле баңгизат бизнесинен түшкөн кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, «Канал» атайын операциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси каралды.

Жыйындын соңунда тараптар тиешелүү документтерге кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан