Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды

Бактыбек Аманбаев Вашингтондогу резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

"Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Вашингтон шаарында резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан