20-декабрда КРнын
Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Биринчи Май райондук социалдык
өнүктүрүү башкармалыгы селсаяктык кылгандар үчүн рейд жүргүзөт. Бул тууралуу
аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 13-декабрда кабарлайт.
Министрликтен берилген
маалыматка ылайык, рейдге ИИМ менен социалдык кызматтын кызматкерлери катышат.
Алар селсаяктык кылгандарды кургак учук жана ВИЧке каршы текшерүүдөн өткөрүшөт. Ага
ылайык селсаяктар “Коломто” муниципалдык мекемесинен флюорографиядан өтүшөт.
Ошондой эле
селсаяктарды мончого түшүрүп, жаңы кийим, тамак-аш беришет.