Учурда бир жумушчунун орточо номиналдык айлык акысы 11079 сом. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 4,9 пайызга көп. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы КРнын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматында иштеген жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу максатында кошумча 650 миллион сом каралган. Буга байланыштуу айыл өкмөтүндө, шаардык мэрияларда, райондук күч органдарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 70-85 пайызга чейин жогорулаган.