2012-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион 645,8 миң адамды түздү
КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын саны 2012-жылдын 1-ноябрына карата 5 миллион 645,8 миң адамды түздү. Былтыркы жылга салыштырганда төрөттүн саны 2 пайызга өскөн. Белгилей кетсек, 2012-жылдын 1-январында Кыргызстандагы калктын саны 5 миллион 551,9 миң болчу.