Бүгүн, 28-августта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Маликинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелер өтүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кеңири чөйрөсү талкууланды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, расмий сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий диалогду мындан ары чыңдоонун жана ар кандай чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүнүшүү жетишилди.
Тараптар 16-июнда Бишкекте өткөн президент Садыр Жапаров менен Палестинанын президенти Махмуд Аббастын кыргыз-палестина мамилелеринин тарыхындагы биринчи жолугушуусунун жыйынтыктарын белгилешти.
Бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул максатта тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кыргыз-палестин өкмөттөр аралык комиссиясын жана Ишкерлер кеңешин түзүүгө көмөктөшүү боюнча өз ара ниеттерин белгилешти.
Ошону менен бирге саламаттыкты сактоо, маданият жана айыл чарба тармактарында, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин жана улуттук маалымат агенттиктеринин ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлду.
"Тараптар Палестинанын элчилигин Бишкек шаарында ачууну макулдашты. Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул процессте Палестина тарапка керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда кыргыз тарап өз элчиликтеринин бирин айкалыштыруу жолу менен Палестинада аккредитациялоону көздөөдө.
Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Палестина, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөгү кырдаал боюнча кеңири пикир алмашуу болду", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги маанилүү маселе катары Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргызстан менен Палестинанын өз ара аракеттенүүсү болду.
Кыргыз тарап боордош Палестина элин эл аралык аренада колдоо жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринин жана нормаларынын, БУУнун жана ИКУнун тиешелүү резолюцияларынын негизинде Палестина-Израиль жаңжалын адилет жана тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча салттуу милдеттенмени баса белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн мазмунун белгилешип, бул сапар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кыргыз-палестин мамилелерин бекемдөөгө кызмат кылат деген ишенимин билдиришти.