Бишкекте Кыргызстандын жаштарынын конгресси башталды
11-декабрда Бишкектеги Ала-Арча резиденциясында Кыргызстандын жаштарынын конгрессинин ачылышы болду. Бул тууралуу КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги билдирди. Конгресстин максаты - өлкөдө мамлекеттик органдар менен жаштардын, жаштар уюмдарынын биргеликте кызматташуусуна шарт түзүү болуп саналат. Конгресстин делегаттары жаштардын коомдогу орду, алардын билим берүү, маданият тармагына кошкон салымдары тууралуу талкуу жүргүзүштү. Конгресс өз ишин эртең да улантат. Андагы кабыл алынган сунуштамалар мыйзамдуу тартипте каралышы үчүн өкмөткө жиберилет.