Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берип жатып, "футбол эле ойноп жүрөт, башка иш кылбайбы" деп сындагандарга жооп берди.
"Кыргызда "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" деген сөз бар. Анын сыңарындай күндө эле футбол ойноп жүрөт дейсиңерби. Убактым да жок. Бир жылда эки күн ойнойт экенбиз. Май анан декабрь айында министрликтер арасында "Мурас" аттуу футболдук турнир өтөт. Эмне үчүн бул турнирди уюштурдук. Жаштарга пропаганда, үлгү бололу дедик. Баңгичиликке кирип кетпей, жаман иштерге барбай, керээли кечке компьютерде отурбай спортко кызыксын дедик.
"Спорт - ден соолуктун булагы" дейт. "Ден соолугу таза улут болсо, ден соолугу таза өлкө болот". Жаштар - биздин келечегибиз. Кары-жашыбыз дебей баарыбыз жаштарды спортко үндөйлү. Мени сындап жаткандарга да кайрылам. Интернеттин артында күнү-түнү отурбай спортко баргыла. Ошол пайдалуураак болот силерге. Пайдасынан башка спорттун эч кимге зыяны жок", - деди Жапаров.