Көк бөрүдөгү тополоң: Милицияга 25 адам жеткирилди (фото)

Бүгүн, 1-сентябрда Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасоого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат",- деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта окуя боюнча тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, кечээ, 31-августта көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин көрүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды кубалашкан.

Кийин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, тополоңдун катышуучулары кармала баштаганын айткан.

Окуядан кийин ооруканага 7 жаран кайрылган, анын ичинде бир укук коргоо кызматкери бар. Мындан сырткары Ош облустук "Тез жардам" кызматынын Форд-Транзит үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелери талкаландыгы боюнча нөөмөт бөлүгүнө кабар келип, маалыматтык электрондук журналына катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Salaf
2023-09-02 11:46:00
Жапайылар, кайдагы болбогон нерсе үчүн элге уят кылышып өздөрүн...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан