Ош шаарындагы "Төлөйкан" ат майданында өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогундагы тополоңдон кийин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда ал тополоңдун катышуучулары кармала баштаганын айтты.
"Төлөйкан" ат майданындагы окуя боюнча кайрылып коёюн дедим. Себеби ошол жерде жосунсуз жоруктар катталды. Көк бөрүнүн негизинде көп адам чогулгандыктан эки команданын спорттук мелдешин чырга айландырышып, кээ бир 5-10 адамдын кылган кылыктарынын негизинде көпчүлүк эмоцияга берилип, тополоңго барганга аракет кылышты.
Бирок биз кыргыз болуп, элибиздин тынчтыгын сактаганга ар бирибиз милдеттүүбүз. Бул деген спорт, утканга дагы, утулганга дагы ыраазы болуш керек.
Ал эми ошол жерде кээ бир провокаторлордун жасаган иши боюнча мен тапшырма бердим. Азыр укук коргоо органдары ошол жерде болгон видеолорду, фактыларды топтошуп, чагымчылдарды тактап, мыйзам чегинде ар бирине чара көрүлөт. Жөн эле тополоң кылып калып кетишпейт", - деди Ташиев.
Ошондой эле Ташиев тополоңдун катышуучулары кармала баштаганын айтты.
Кечээ, 31-августта президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин крүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына таш ыргытышкан.