"Калыс сабалып...". Оштогу президенттин катышуусундагы көк бөрү жаңжал менен аяктады (видео)

Бүгүн, 31-августта Ош шаарында көк бөрү боюнча президенттин кубогу жаңжал жана тополоң менен аяктады.

Белгилүү болгондой, өлкө Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган мелдеш "Төлөйкөн" ипподромунда өттү. Оюндун финалдык беттешине Оштун “Достук” жана Таластын “Ынтымак” командалары чыкты.

Оюндун жыйынтыгында жеңиш "Ынтымак" командасына ыйгарылып, жергиликтүү көрүүчүлөр калыстын бул чечимине нааразы болушту. Нааразы болгон көрүүчүлөрдүн тобу талаага чуркап чыгышкан. Айрым маалыматтарга караганда, калыс сабалып, дагы бир адам тепселендиде калган.

Окуя боюнча милиция тергөө иштерин баштады.

Оштогу президенттин катышуусундагы көк бөрү жаңжал менен аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2023-08-31 22:05:00
Ошон үчүн калыс деген калыс болуш керек эч жакка тартпай Туйруп салышат бирде болбосо бирде
0
aza84
2023-09-01 01:22:00
Ошлямфулар чыныгы жузун коргозду уят
0
Zynk
2023-09-01 01:46:00
Оштук туугандар биз эле болсок дегенди токтоткула !уят!
-3
Мирлан
2023-09-01 01:57:00
Ошон учун Оштуктарды бардак эл жаман коротда. Булар экижуздуу маскачан кала болот
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан