Экономика министри Данияр Амангелдиев Ирандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы Ирандын элчиси менен жолугушуусунда соода, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангелдиев Ирандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

"Анда соода, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын калыптанган салттарын сактоонун маанилүүлүгү, Ирандын ШКУга толук кандуу мүчөлүгүн алуусун эске алуу менен өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси козголуп, Кыргызстан менен Ирандын (ӨАК) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйынынын алдын ала боло турчу күнү макулдашылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан