Ош шаарында борбордук базар аркылуу өткөн жаңы унаа жолунун ачылышы болот
Ош шаарында борбордук базар аркылуу өткөн жаңы унаа жолунун ачылышы болот. Тактап айтканда, шаардагы Кара-Суу көчөсүнүн оңдолуп жаңыланган варианты ишке берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Белгилүү болгондой, учурда жол курулуп бүтүп, көчөнү таштанды жана курулуш материалдарынан тазалоо иштери уланууда. Жол базардын чок ортосун кесип өткөндүктөн, буга чейин жолчулар түнкүсүн гана иштеп келсе, учурда күнү-түнү иштеп жатыптыр. Жалпы 30 жумушчу, 20 атайын техника ишке киргизилген. Жолдун расмий ачылышы 25-декабрда болмокчу.