Алиясбек Алымкулов: "Кыргызстанда ЖОЖду аяктаган студенттердин 25 пайызы гана өз кесиби боюнча жумушка орношот"

Статистикалык маалыматка ылайык, Кыргызстанда ЖОЖду аяктаган студенттердин 25 пайызы гана өз кесиби боюнча жумушка орношот. Бул тууралуу Жаштар жана эмгекке орноштуруу министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Министрдин айтымында, учурда Кыргызстандагы көйгөйлөрдүн бири - жумушсуздук. "Жумушсуздуктун алдын алуудагы мыкты чара - туура кесип тандоо. Азыр өлкөдө жумуш бар болсо да, жумушсуздук көйгөйлүү маселелердин бири болуп келет. Мисалы, статистикалык маалыматка ылайык, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн 25 пайызы гана адистиги боюнча ишке орношот. Ошол эле маалда кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусу 72-78 пайызды түзөт",- деди Алиясбек Алымкулов Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандын жаштарынын конгрессинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан