Лола Каримова-Тилляева эжеси Гүлнара Каримованы сотко берерин жарыялады

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримова-Тилляева эжеси Гүлнара Каримованы сотко берерин жарыялады. Бул тууралуу кечээ, 13-декабрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
12-декабрь күнү Лола Каримова-Тилляеванын расмий сайтында анын үй-бүлөсү Гүлнара Каримованы сотко берери тууралуу кабарланган. Анда Лола Гүлнара негизсиз айыптар менен үй-бүлөсүн каралап, коркутуп жаткандыгын айткан. Буга байланыштуу юристтер менен кеңешип жатканын кошумчалап өткөн. Эскерте кетсек мурдараак Гүлнара Каримова сиңдиси менен күйөө баласы Тимур Тиллаевге өзүн социалдык сеттер аркылуу жамандап жаткандарды жалдаган деген айып тагып, аларды эл аралык сотко берерин айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан