Марат Иманкулов ЕБнын Борбор Азия боюнча өкүлү Тери Хакала менен жолугушту

Коопсуздук Кеңештин катчысы Марат Иманкулов Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, регионалдык жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле региондо туруктуулукту бекемдөө чөйрөсүндө Европа Биримдиги менен кызматташуунун келечек пландары жөнүндө кеңири пикир алмашуу болду.

"Марат Иманкулов Евробиримдик Кыргызстандын көз карандысыздыкка ээ болгондон бери системалуу негизде натыйжалуу кызматташып келе жаткан жакын өнөктөшү экенин белгиледи. Өз ара аракеттенүү маселелеринде эл аралык терроризм, экстремизм, климаттын өзгөрүшү жана башкалар сыяктуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча чараларды иштеп чыгуу актуалдуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан