Алмазбек Атамбаев: "Европа мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Германияга сапар жасаганым маанилүү"
Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федеративдүү Президенти Йоахим Гаук менен жолугушту. Мамлекет башчы немис президенти менен Кыргызстан-Германия соода-экономикалык кызматташуу жана Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын экономикасына Германиядан тартылган инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгын белгилеген Атамбаев: "Мен үчүн Европа мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Германияга сапар жасаганым абдан маанилүү эле. Анткени Кыргызстан менен Германия парламенттик республика болгондуктан, жалпы баалуулуктарыбыз бар",- деп белгиледи. Йоахим Гаук Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи болуп парламенттик демократия куруу ишинде ийгиликке жетишкендигин билдирди. Тараптар эки өлкөнүн ортосунда түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну арттыруу боюнча зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилешти.