Орусия Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Орус лидери Владимир Путин билдирди.
Путиндин айтымында, бардык топтолгон инвестициялардын 36 пайызын орусиялык инвестициялар түзөт.
“Азыр Кыргызстанда Орусиянын катышуусу менен түзүлгөн 800дөй ишкана бар. 2022-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 37 пайызга өсүп, башкача айтканда 3,5 миллиард долларга жеткен. Ал эми 2023-жылдын биринчи жарымында дагы 17,9 пайызга көбөйдү”,- деди Путин.
Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров Путиндин сапарынын чоң символикалык мааниси бар экенин айтты.
“Орус лидеринин сапары Кант авиабазасынын 20 жылдыгына жана кыргыз-орус Славян университетинин 30 жылдыгына туш келип жатат. Эки тараптуу мамилелердеги бул маанилүү окуялар биздин достугубуздун символу болуп саналат. Биз кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин жогору баалайбыз”,- деди Жапаров.
Эске салсак, учурда Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапары жүрүп жатат.