Президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга болгон сапарында бүгүн өлкөнүн канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу өткөрүп, андан кийин эки мамлекеттин журналисттеринен турган топко маалымат жыйын беришти. Сөз башын колго алган Ангела Меркель: "Президент Алмазбек Атамбаевдин Батыш Европага болгон алгачкы сапарында Германияны тандап алганына ыраазычылык билдирем. 2010-жылдагы революциядан кийин өлкө өткөөл мезгилди башынан өткөрүп, жаңы жолдун башатында турат. Буга чейин Германия менен европалык биримдик Борбордук Азия боюнча стратегияны кабыл алган болчу. Биз ЕБнын алкагында Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү күчөтөбүз. Айрыкча, бул колдоо наристелердин өлүмүн кыскартуу жана эненин саламаттыгын коргоого тиешелүү долбоорлор болуп саналат",- деди.
Ошондой эле канцлер айым жакын арада Кыргызстанга Германиядан атайын топ жөнөп кетерин жана дал ушул делегация кызматташуу маселелерин кароого алып, андан кийин багыттар белгиленерин белгилеп өттү. "Германия Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө кызыкдар жана бул планда ага жардам берүүгө даяр",- деди Меркель.