Жамгырчиев: "Энергетикалык суусундуктарды ичкендиктен өспүрүмдөр арасында ооруга чалдыккандар көбөйүүдө"

Окуучулар билим берүү мекемелеринин жанындагы дүкөндөрдөн зыяндуу нерселерди жеп-ичип, ооруга чалдыгууда. Мындай пикирди бүгүн, 26-октябрдагы парламент жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди.

"Мектептердин жанында сатылган таттуулар, энергетикалык суусундуктар, колго жасалган пирожкилерден уулангандар көп болуп жатыптыр. Ошол таттуулар Кытайдан келет. Ал дагы текшерүүсүз келет экен. Муну менен өспүрүмдөрдүн тамырын чабууга жол ачып берип жатабыз. Кант диабети менен ооруган балдар көбөйүүдө. Ошонун баары жогоруда сатылгандардын айынан болуп жатат деп көп ата-энелер кайрылууда", - деди Жамгырчиев.

Ошондой эле ал Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтерине рейддерди жүргүзүп, мектептердин жанындагы дүкөндөрдү жабууну тапшырды.

Жогорку Кеңеш 26.10.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан