Окуучуну жазалоо аркылуу мугалимдин кадырын көтөрүү мүмкүнбү?

Мугалимдин укугун коргоо, кадыр-баркын көтөрүү маселеси дагы деле күн тартибинде турат. Парламент депутаттары мугалимди кемсинткен окуучу жана студентти айып пул салып жазалаш керек деп жатышат. Буга чейин депутат Мирлан Самыйкожонун демилгеси менен мугалимин мазактаган окуучуга 1000 сом айып пул төлөтүү боюнча мыйзам кабыл алынса, өткөн аптада депутат Данияр Төлөнов айып пулдун суммасын 1000 сом эмес, 20 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. "Окутуучунун кадыр-баркын балдарды жазалоо аркылуу көтөрүү мүмкүн эмес" дегендер да, тескерисинче, "окуучу жана студенттерге катаал чара көрүлбөсө мугалимдин ар-намысы тебеленип жатат" деген пикирдегилер да бар. Айтор, өлкөбүздөгү мугалим мазакталган окуялардын көбөйүшү көпчүлүктү кайдыгер калтырган жок.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 27-октябрда чыккан жаңы - №1090 санынан окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан