Президент "Манас" аэропортунда транспорттук борбор ачыларын айтып, анын катышуусуна бардык өлкөлөрдү чакырды
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Германиядагы сапарында канцлер Ангела Меркель менен болгон маалымат жыйынында "Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуучу борборго тиешелүү суроо берилди. Ага карата Алмазбек мырза: "2010-жылдын 7-апрелинен кийин "Манас" аэропортунда жайгашкан аскердик база боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр башталган эле. Ошол жылы эле биз Транзиттик жүк ташуучу борбордун мөөнөтү аяктары менен, тагыраагы, 2014-жылдын июнь айында жабыларын билдиргенбиз. Бул боюнча биз сөзүбүздү кармайбыз. 2014-жылдын июнь айынан кийин аэропорттун аймагында аскердик курамга тиешелүү эч нерсе болбошу керек. Бирок биз бул аэропортто транспорттук борбор ачууга даярбыз жана анын катышуусуна бардык мамлекеттерди, АКШны, Германияны жана башкаларды чакырабыз",- деп жооп берди.