Эртең, 1-ноябрда Ашхабад шаарында Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде “Борбордук Азия-Корея Республикасы” 16-кызматташтык форумун өткөрүү пландалууда. Кыргыз тараптан делегациянын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, боло турчу форумдун күн тартибинде логистика, саламаттыкты сактоо, экология, санариптештирүү, туризм жана билим берүү боюнча панелдик сессиялар өтөт. Бул багыттар боюнча Кыргызстан Корея менен эки тараптуу негизде да, форумдун алкагында да жемиштүү иш алып барууда.
"Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан форумдун алдыдагы жыйынына даярдык көрүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп, гибрид форматында баяндамалар жана презентациялар пландаштырылган.
Форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар да пландалууда", - деп айтылат маалыматта.