Президент Алмазбек Атамбаевдин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен бирдиктүү маалымат жыйынында немис журналисттер тобунан Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдыры тууралуу суроо берилди.
Алмазбек мырза жообунун башында кечээ, 10-декабрь күнү Бишкек шаарында маркум журналист Геннадий Павлюкка арналган эстеликтин ачылганын айтып өттү. Андан ары президент Алмазбек Атамбаев: "Азимжан Аскаров боюнча чечимди сот мен президент болгонго чейин чыгарган. Эгерде бул ишке байланыштуу негиз болсо, мыйзамдын олуттуу алкагынын чегинде, президент эмес, сот чечим кабыл алышы керек. Мен чечимдердин бир киши, бир президент же бир уруунун атынан кабыл алынышын каалабайм",- деди.