Бишкекте баласын таштанды челекке таштап кеткен кыз камактан бошотулду

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайды таштанды челекке таштап кеткен келин эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 14-ноябрда Октябрь райондук соту келиндин ден соолугуна байланыштуу кабыл алган.

Ал учурда ооруканада дарыланууда.

Эске салсак, 12-ноябрда ымыркайын таштандыга таштаган кызды сот 11-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал СИЗО-1ге киргизилген.

9-ноябрда Бишкектеги таштанды челектен баштыкка салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан