Бишкектеги таштанды челектердин биринен ымыркай бала табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 8-ноябрда 102 кызматына саат 23:30 чамасында чалуу түшкөн. Анда Элебаев көчөсүндөгү таштанды челекте ымыркай жаткандыгы айтылган.
Жерине барган милиция кызматкерлери таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркайды тапкан. Аталган факты каттоого алынды.
Учурда бул материал боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ымыркай № 1 төрөт үйүнө которулган. Ымыркайдын абалы туруктуу.