Беларусь президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевдин пенсиясын Беларуска которуп берүүнү кыргыз бийлигинен өтүндү

Беларусь президенти Александр Лукашенко 11-декабрда КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын журналисттери менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин пенсиясын Беларуска которуп берүүнү кыргыз бийлигинен өтүндү. Ал Бакиев ачка калбаса да, пенсиясы которулуш керектигин белгиледи. "Мен Курманбек Бакиев менен дос болгон эмесмин. Анын достору Назарбаев менен Путин болчу. Апрель окуясынан кийин ал мага телефон чалып ыйлап, "балдарды сактап кал" деп айтты. Мен "балдарың менен чогуу кел" дегем",- деди Лукашенко. Беларусь президенти Курманбек Бакиевдин балдары тез арада эле беларусь тилин үйрөнүп алганын айтты.  

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан