Президент Алмазбек Атамбаев Германияга болгон иш сапарында Берлин шаарынын мэри Клаус Воверайт менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн билдирди. Жолугушууда эки тарап Берлин жана Бишкек шаарынын кызматташуусу тууралуу сүйлөшүштү. Берлин шаарынын мэри Клаус Воверайт эки шаардын ортосунда кызыктуу долбоорлорду иштетүүгө дайым даяр экендигин билдирди.