Бүгүн, 24-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров БУУнун Борбор Азиянын экономикасы боюнча атайын программасына кирген (СПЕКА) өлкөлөрдүн президенттеринин саммитинде сөз сүйлөп, бир топ актуалдуу маселелерге токтолду.
Мамлекет башчысы алгач Азербайжан тарапка салттуу меймандостугу, Бириккен Улуттар Уюмунун аталган программасына активдүү, ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы, юбилейлик саммитти мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Борбордук Азия аймагынын мезгил өткөн сайын дүйнөдөгү стратегиялык мааниси жогорулап жатканына токтолду.
Мындан сырткары президент Жапаров СПЕКАнын экономикалык туруктуулукту чыңдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө, билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону колдоого, Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Борбор Азияда жакырчылыкты азайтууга олуттуу салым кошконун белгиледи.